• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

26-сентябрда күтүлгөн аба ырайы

25 Аяк оона 2022 14:15 Бишкек Govori.TV

26-сентябрда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Дыйканчылык аймактарда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32;

Талас жергесинде түнкүсүн 6…11, күндүз 25…30;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 21…26;

Бийик тоолордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 4…9 градуска чейин жогору болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15°, күндүз 30…32° чейин жогорулайт.

Количество просмотров: 141