26-январда, күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен, Нарын өрөөнүнүн кээ бир райондорунда кар жаайт. Ысык-Көлдө күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлайт.
Абанын температурасы Чүй , Талас облустарында -3 … +2, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 0 … +5, Нарын өрөөнүндө -7 … -12, Ысык-Көлдө -2 … +3 градус жылуу болору айтылды.
Ош жана Бишкек шаарларында мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн. Күндүн табы борбор калаада 0…2 градуска чейин жылуу болсо, Ошто 3…5 градусту көрсөтүп турат.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.