• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

27-ноябрга карата аба ырайы жөнүндө маалымат

26 Жетинин айы 2018 16:16 Бишкек Govori.TV
Бишкек.26.11.2018.Govori.TV.
27-ноябрда Кыргызстанда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын айрым аймактарында жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. Нарын менен Ысык-Көлдөн башка дубандарга туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7, Ысык-Көл жана Нарын облустарында 20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7,
Талас жергесинде түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5,
Баткен облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 3…8,
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1…+4, күндүз 5…10,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…5, күндүз 4…9,
Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 2…7,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17, күндүз -6…-11 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын болбойт, түштөн кийин жамгыр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6, күндүз 3…5 градус болот.
Количество просмотров: 26