• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

27 жаштагы кыз «Достук» мейманканасынын 7-кабатынан кулап, каза болду

5 Бугу 202215:31 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 3-майда 27 жаштагы кыз белгисиз жагдайда «Достук» мейманканасынын 7-кабатынын балконунан кулап кеткен. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ал 1995-жылы туулган М.И. аттуу кыз болгон. Ал алган жаракатынан улам тез жардам келгенге чейин ошол жерден каза болгон.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 293