• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

27 жаштагы кыздын өлүмү. Ишти иликтеп жаткан милиционерлерге карата текшерүү жүргүзүлөт

8 Чын куран 2021 10:20 Бишкек Govori.TV

Ички иликтөө кызматы тарабынан Бишкек шаарында сөөгү табылган кызды уурдоо боюнча сотко чейинки процесстин үстүнөн иштеп жаткан милиция кызматкерлеринин ыкчам иш-аракеттери текшериле баштады.

Белгилей кетсек, уга чейин Бишкекте Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жаш кызды ала качып кетишти деген маалымат тарап, окуя видеого түшүп калган.

Көп өтпөй 7-апрелде кыздын сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.

Количество просмотров: 153