Бир суткада коронавирус жана пневмония (COVID-19 U07.1 жана U07.2) оорусу 272 адамдан аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.
Жаңы катталган бейтаптар:
— Бишкек шаарында 47 адам;
— Ош шаарында 43 адам;
— Чүй облусунда 24 адам;
— Ош облусунда 28 адам;
— Ысык-Көл облусунда 65 адам;
— Жалал-Абад облусунда 34 адам;
— Баткен облусунда 13 адам;
— Талас облусунда 8 адам;
— Нарын облусунда 10 адам.
Кыргызстанда жалпы 41 миң 645 бейтап коронавирус менен катталды.