28-майда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош облусунун кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 26…31;
Талас жергесинде түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 17…22, күндүз 26…31;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26;
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 24…29;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -4…+1, күндүз 7…12 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 29…31 градус болот.