• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

29-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

28 Чын куран 202014:30 Бишкек Govori.TV

Эртең, 29-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу аймактарда кар, кээ бир райондордо катуу жаан жаашы мүмкүн. Ысык-Көл жана Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт, деп маалымдайт Кыргызгидромет.

Ал эми күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн +10…+15
күндүз +19…+24
Талас облусунда

түнкүсүн +9…+14
күндүз +18…+23
Баткен облусунда

түнкүсүн +11…+16
күндүз +22…+27
Ош жана Жалал-Абад облустарында

түнкүсүн +11…+16
күндүз +22…+27
Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн +4…+9
күндүз +18…+23
Нарын облусунда

түнкүсүн +4…+9
күндүз +18…+23
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15 градус, күндүз +22…+24 градус болот.

Чолпон-Ата шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9 градус, күндүз +18…+20 градус болот.

Количество просмотров: 186