29-августта Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарда, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27,
Талас жергесинде түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26,
Баткен облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32,
Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30,
Ысык облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25,
Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 20…25,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн 10…12, күндүз 25…27 градус жылыйт.