• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Депутат айрым чиновниктер инвесторлордон акча талап кылганын айтты

25 Кулжа 202613:39 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиев 25-июндагы жалпы отурумунда мамлекеттик кызматкерлер инвесторлордон акча талап кылып, кендерге өзүнүн тааныш-туугандарын коюп жатканын билдирди.

Депутат Башкы прокуратуранын өкүлү Үмүткан Коңкубаевадан бул маселеге көңүл буруусун өтүндү:

«Мен сиздерге буга чейин да «Кыргыз көмүр» ишканасынын жетекчиси тууралуу кат жазгам. Ал жакында эле камалган болчу, кайра чыкты. Эмне себептен чыкканын тактап берсеңиздер. Анын акча алганы тууралуу маалыматтар бар. Дагы Миң-Кушта Кытайдан келип иштеп жаткан компаниядан Фархат Иминов аттуу мамлекеттик кызматкер 2 млн доллар талап кылыптыр. Алган-албаганын билбейм, бирок ошол компаниянын ээси президентке кат жазыптыр. Ошол фактыны тактап берсеңиздер».

Депутат колунда Иминовдун компаниясына которулган акча боюнча маалымат бар экенин, аны да Башкы прокуратурага берерин кошумчалады.

Количество просмотров: 19