29-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…-8;
Талас жергесинде түнкүсүн -12…-17, күндүз -3…-8;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -3…-8, күндүз -3…+2;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…-5;
Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -3…-8;
Бишкекте түнкүсүн -7…-9 күндүз -3…-5 градус болот.