• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Финпол: Балыкчыга видео байкоо орнотууда бюджетке 3 миллион зыян келтирилген

20 Үчтүн айы 2021 10:04 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусу боюнча финансы полициясы “Балыкчы шаарына видео байкоону орнотуу” долбоорун ишке ашырууда жумуштун көлөмүнүн наркын жогорулатуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүдө. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан (Финпол) билдиришти.

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясы менен “Н.С” ЖЧКсынын ортосунда 2018-жылы аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн 10 миллион сомго жакын суммадагы келишим түзүлгөндүгү аныкталды. Берилген маалыматтарга ылайык, бул объект боюнча аппараттык-программалык комплекстер 7 миллион сомго жакын суммага сатылып алынган, бирок аткарылган жумуштардын актысында аталган аппараттык комплекстер 2 миллион сомго көтөрүлгөн айырма менен эсептен чыгарылган.

Ошондой эле, аткарылган жумуштардын актысынын жалпы наркы КНС менен кошо көрсөтүлөт, ал эми “Н.С” ЖЧКсы жумуш тапшырылган учурда КНС төлөөчү болгон эмес жана аткарылган жумуш үчүн салыктын ушул түрүн төлөгөн эмес.

Ошентип, аталган ЖЧКнын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекеттин бюджетине 3 миллион сомго жакын суммада өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген. Учурда, кызмат адамдарынын катыштыгы аныкталып, келтирилген зыяндын ордун толтуруу чаралары көрүлүүдө.

Количество просмотров: 83