Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун Ала-Буга суусуна түшүп кеткен адамды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 2020-жылдын 27-декабрь күнү Жеңиш айылында эркек киши (1993-жылы туулган) Ала-Буга суусуна түшүп кеткен. Издөө иштери 2021-жылдын 6-январына чейин жүргүзүлүп токтотулган, себеби дарыянын жээктери муз болгондуктан издөө иштерин жүргүзүү мүмкүн болгон эмес.
Издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнин №47 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылды.