• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

3 адамдын өмүрүн алган кырсык. Шектүү кармалды

11 Бугу 2023 10:32 Бишкек Govori.TV

Сузактагы 3 адам каза болгон жол кырсыгына шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымака ылайык, үстүбүздөгү жылдын 28-апрель күнү болжол менен саат 14:50 чамасында Сузак районунун аймагында “Деу-Нексия” жана “Мерседес-Бенц” автоунаалары сүзүшүп жол кырсыгына кабылган. Натыйжада «Деу-Нексия» автоунаасындагы 3 жүргүнчү каза болгон. Ал эми айдоочусу ооруканага жаткырылган.

Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Сузак РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши коголгон. Жол кырсыгына байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында “Мерседес-Бенц” автоунаасынын айдоочусу Сузак районунун тургуну 1990-ж.т. Э.Н. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Количество просмотров: 520