• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

3-декабрга карата аба ырайы

2 Бештин айы 2020 14:14 Бишкек Govori.TV

Эртен, 3-декабрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт.Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8;

Талас облусундатүнкүсүн -5…-10, күндүз -2…+3;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 3…8;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5;

Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…+3;

Бишкекте түнкүсүн -3…-5 күндүз 6…8 градус болот.

Количество просмотров: 200