• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

3 кыздын зордукталышы: Вице-мэр Ошто антикинотеатрларды жабууну сунуштады

24 Чын куран 202513:28 Бишкек Govori.TV

Ош шаарынын мэринин орун басары Салтанат Аманова 24-апрелде мэриянын жыйынында Ошто 2024-жылы антикинотеатрларда жашы жете элек үч кыз зордукталганын айтып, мындай жайларды жабуу демилгесин көтөрдү.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Дамирбек Исаков сунушту колдоп, чын эле мындай фактылар бар экенин ырастады. Ал антикинотеатрларды жабууга мэрия жана шаардык кеңеш жардам бериши керек экенин билдирди.

Бирок Салтанат Аманова айткан окуялар боюнча тергөө иштери эмне болгонун, кимдер жоопкерчиликке тартылганын тактаган жок.

Количество просмотров: 428