• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

3-ноябрда күтүлгөн аба ырайы

2 Жетинин айы 2022 14:35 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет билдиргендей, 3-ноябрда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде, тоолуу райондордо кар жаайт. Талас, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келшен шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +9…+14,

Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12,

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +11…+16,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +8…+13,

Нарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +6…+11.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9, күндүз +12…+14.

Количество просмотров: 131