• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

3 унаанын катышуусунда болгон жол кырсыгынан бир адам көз жумду

18 Үчтүн айы 2023 16:27 Бишкек Govori.TV

Токмок шаарына жакын жердеги айланма жолдо катталган жол кырсыгында бир адам көз жумду. Бул тууралуу Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-жылы болжол менен саат 12:00 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 71,500 чакырымында Ваз-2107 үлгүсүндөгү унаасы Токмок шаарынын парковый көчөсү менен түштүктөн түндүктү көздөй бара жатып (объездной) жолуна чыга калган учурда күн батыштан күн чыгышты көздөй бара жаткан Мерседес бенц үлгүсүндөгү унаасына урунган андан соң карама каршы тилкеде келе жаткан «Мерседес бенц спринтер» үлгүнсүндөгү унаага урунган.

Жол кырсыгынын кесепетинен Мерседес бенц 124 (кузов) унаасынын жүргүнчүсү 1987-*жылы туулган А.Т.Б ошол жерден көз жумган. Ал эми Мерседес Бенц спринтер үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүлөрүнөн алдын ала маалымат боюнча 5 адам жаркат алган

Учурда текшерүү иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 1717