• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

3 жашар кыз өгөй атасы тарабынан сабалып, ооруканага түштү

4 Бугу 202415:19 Бишкек Govori.TV

Чүйдө үч жашар кызды сабаган деген шек менен анын өгөй атасы кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, 29-апрель күнү саат 14:20 чамасында Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө ооруканадан Буденовка айылынан 2021-жылы туулган Р.Н. аттуу кыз ар кандай дене жаракаттары менен келгендиги тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты Ысык-Ата районунун ички иштер башкармалыгына катталып, Кылмыш-жаза кодексинин «Кыйноо» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Үч жашар Р.Н. аттуу кызга системалуу түрдө зомбулук көрсөтүп келген деген шек менен кыздын өгөй атасы, 1996-жылы туулган М.Р. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кылмыш иши боюнча бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 2062