30-31-август күндөрү Т.Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында XVII эл аралык кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышы өтөт. Бул тууралуу Кыргыз улуттук «Манас» театры билдирди.
Иш-чара Кара-кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө, Арстанбек Буйлаш уулунун 200 жылдыгына, Токтогул Сатылгановдун 160 жылдыгына, Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгына жана Алымкул Үсөнбаевдин 130 жылдыгына арналып өткөрүлөт.
Байге фонду 3 000 000 сом.