• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

30-апрелде күтүлгөн аба ырайы

29 Чын куран 2021 15:21 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 30-апрелде түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 30-апрелде күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +28…+33;

Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +27…+32;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +30…+35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24;

Нарын жергесинде түнкүсүн +3…+8, күндүз +20…+25 градус.

Бишкек шаарында 30-апрелде күндүз жаан жаабайт, кечкисин жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16, күндүз +30…+32 градус ысык болот.

Количество просмотров: 79