• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

“Wildberries” компаниядагы өрт. Кыргызстандыктар арасында жабыркагандар барбы?

18 Теке 202617:26 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кызматкерлери Москва облусунун Электросталь шаарында жайгашкан Wildberries компаниясынын кампасынан өрт чыккан жерде эртеден бери болушууда. Бул тууралуу элчилик билдирет.

Элчиликтин өкүлдөрү аталган кампа объектисинде эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүп жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушту. Азыркы учурда КР жарандарынын арасында жабыркагандар тууралуу маалымат такталууда, ошондой эле зарыл консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүүдө.

Азыркы абал боюнча өрт толугу менен өчүрүлө элек, кампанын аймагы курчоого алынган. Окуя болгон жерде Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, өрт өчүрүү-куткаруу кызматтарынын жана башка тийиштүү органдардын кызматкерлери иштешүүдө.

Россиялык массалык маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө ылайык, өрт учкучсуз учкуч аппараттарынын чабуулунан кийин чыккан. Өрттүн расмий себептери Россия Федерациясынын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан аныкталууда.

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги КР жарандары жана Россиянын компетенттүү органдары менен байланышта болууну, кырдаалдын өнүгүшүн көзөмөлдөөнү улантууда. Кошумча маалыматтар ырасталган маалыматтар келип түшкөн сайын берилип турат.

Количество просмотров: 51