• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

30 миң доллар, 2 млн. сом уурдаган туткактар кылтакка түштү

16 Тогуздун айы 202411:32 Бишкек Govori.TV


13-октябрь күнү Сокулук РИИБине Кожомкул айылында жайгашкан «Риом» унаа базарында болгон окуя боюнча белгисиз адамдарга карата чара көрүү үчүн К.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Бул тууралуу Чүй ОИИБнен билдиришти.

Ал арызында «Хонда-Степвагон» унаасынын эшигин сындырып кирип, 30 миң 900 долларын жана 2 миллион 150 миң сом акча каражатын уурдап кетишкенин билдирген. Бул факт Сокулук районунун ИИБне катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинде (уурулук) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Козголгон иш боюнча ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Чүй облустук ИИББнын жана Сокулук райондук ИИБнын кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү адамдардын ким экендиги аныкталган. Алар 51 жаштагы Ж.Ө. аттуу жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган жана 40 жаштагы Ж.М. аттуу жаран колго түшүп, экөө Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренеси боюнча убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ошондой эле тинтүү иштеринин жүрүшүндө кармалгандардын үйүнөн 29 миң 800 доллар жана 1 миллион 689 миң сом акча каражаты табылып, далил буюм катары алынган.

Азыркы учурда кармалган адамдардын башка ушул сыяктуу кылмыштарды жасоого катыштыгын аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп, тергөө уланууда.

Чүй ОИИББи эскертет! Урматтуу жарандар, ушуга окшогон уурулук, алдамчылык, талап-тоноо жана ар кандай мыйзамга жат көрүнүштөрдөн сак болууңузду өтүнөбүз. Эгерде кимде ким, Ж.М., жана Ж.Ө., аттуу жарандардын кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган болсо, Сокулук райондук ИИБге же 0312 607567, 03134 53380 нөөмөт бөлүмүнө кайрылууңузду суранабыз.

Количество просмотров: 503