• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

30 миң долларды мыйзамсыз алып өткүсү келген

23 Аяк оона 202421:11 Бишкек Govori.TV

23-сентябрда КР УКМК Чек ара кызматынын кызматкерлери «Достук — Автодорожный» көзөмөл өткөрмө пунктунан акча каражаттарын мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт коюшту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Чек ара көзөмөлүнүн учурунда Өзбекстандын 2000-жылы туулган жараны А.Шдан 2 527 155 сом (30 000$) табылган. Мыйзам бузган жаран Кыргызстандан Өзбекстанга өтүп бара жаткан, ал алып бара жаткан акча каражатына декларация толтурбаган, бул бажы мыйзамын бузгандык болуп эсептелет. Ал ошондой эле мынча суммадагы акча кайдан чыккандыгын түшүндүрүп бере алган эмес.

Көзөмөлдөн кийин бардык документтер толтурулган соң, мыйзам бузган жаран жана алынган акча каражаттары тиешелүү компетенттүү органдарга андан ары иликтөө максатында өткөрүлүп берилген.

Количество просмотров: 132