• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

30-январь. Күндүн ыргагы… ТЭЦке күнөөкөр насос болуп чыкты, сот аны канча жылга кесет болду экен?

30 Үчтүн айы 2018 20:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 30.10. 2018. Govori.TV

ТЭЦке катылган “табышмак” эми ачылабы?

Кыргызстанда аба ырайы өзгөргөн жок, муздак аба өлкөнү каптап турат. Борбордо болсо жылуулук маселеси дале чечиле элек, энергетиктер бүгүн кеч менен ар бир үйдө жылуулук жетишээрлик болот деп ишендиришти. Бирок, шаардын ар кайсыл бурчунан жылуулук батереялары жылымык бойдон эле турганын ар ким жазып жатышат. Какаганга муштаган болуп, шаардын көп районундарда электр жарыгы да “жалп” эткенин бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттарына чейин сөз кылышты. “Жылуулук болбосо, жаш балдар үшүп, сасык тумоолоп жатса, айласы жок элдер электр жылыткычтарын колдонууга өтүштү. Бирок, көп райондордо электр энергиясы да үзгүлтүккө учурап калганын, шаар боюнча бир суткада 150гө жакын участокто электр жарыгы өчкөнүн ММКлар жазып жатышат. Андыктан эми элге төлөмдөрдү эсептөөдө жылуулукка эле жеңилдик кылбай, электр энергиясына кеткен чыгымын да компенсация кылып бергиле”,-деди бүгүн ТЭЦтеги көчмө жыйында ЖКнын депутаты Алтынбек Жунус уулу.

Көчмө жыйын демекчи, бүгүн парламенттеги отун-энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети Бишкек ТЭЦинин авариялык абалы менен таанышып, энергетика тармагынын башчылары менен көчмө жыйын өткөргөн. Анда комитет башчы Кожобек Жайчыбеков ТВЕА компаниясы менен келишим түзүлгөндө эле иш чала болгонун, ал тургай ушул убакытка чейин энергетика тармагынын жетекчилиги ТЭЦтин модернизациясы боюнча отчет бербей жатканын, ал жерде ашырылып коюлган артыкбаш суммалар бар экенин, ошондон улам коомчулукта “386 млн. доллар кайда кетти?” деген чоң суроо турганын айтып, энергетиктердин көздөрүн “алайтып” койду.

Депутаттарга жооп бергендердин айткандарына таяна турган болсок, авариялык абалдын келип чыгышында адам факторунун күнөөсү жок экен. “Бул жерде чынында технологиялык катачылык болуп жатат, сырттан суу казандарга сууну тотуруучу насос кандайдыр бир себептер менен күтүлбөгөн жерден иштебей калган”,-дейт улуттук энергохолдингдин башчысы Айбек Калиев. Анын сөзү менен кетсек анда шаардыктарды дээрлик 4 сутка үшүтүп, Өкмөттү кыжаалат абалга кептеген ал насос эми күнөөсүн мойнуна алаар бекен? Алса, баш прокуратура канча жыл жаза өтөөнү соттон суранып, сот канча жылга насосту эркинен ажыратат? Бул суроого буюрса, жооп алаарбыз…

Ош базарда от жалбырттап…

Бүгүнкү күндүн дагы бир жагымсыз жңылыгы Ош базардагы “Сейтек” соода комплексинин өрттөнүп кетиши болду. Расмий маалыматтарга таянсак, таңкы саат 9:46да өрт өчүрүү кызматына Киев-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишине жакын соода жайынан өрт чыкканы кабарланган. Ошону менен баш-аягы 12 өрт өчүрүүчү топ иштеп, саат 12:30да араң тилсиз жоонун табы кайтып, басылган. Өрт өчүрүүчүлөр бир жагынан аракет кылып жатса, экинчи жагынан соодагерлер күйгөндөн калган товарларын алып кетүүнүн аракетин жасап, көчөгө ыргытып, ал эми жөн-жай элдер укмуш көргөндөй жардап, баарына  тоскоолдук жаратып жаткан тасмалар таң эрте соцтармактарда катуу талкууга түштү. “Январь айы Кыргызстан үчүн оор ай болуп калды. былтыр январда Дача-СУда учак кыйраса, быйыл ТЭЦ жарылып, эми Ош базар өрттөнүп… Деги, кырсыктын баары ушул ай менен чыгып кетсе экен…” деген сөздөр жүрдү коомчулукта.

Азырынча, бул өрттүн келип чыгуу себептери ачыктала элек, бирок, жалпысынан 3,5 миң чарчы метр жер күлгө айланып калганы божомолдонууда. Ал эми соода комплексиндеги товарлары өрттөнгөн адамдардын сыздаганын көрсөңүз, жанына тура албайсыз. Айрымдары, миллион сомго чейин товары бар экенин айтып, зар какшап жүрүшөт…

ӨКМны укпай, өкүттө калышпаса экен…

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы  Орток айылы жер көчкү басуу коркунучунда турат. Мындан улам ӨКМнынкызматкерлери учурда айылдагы 112 бала окуган мектепти жаап, 150дөн ашык адамды коопсуз жайга көчүрүп жатышат. Кырсык деген каш менен кабактын ортосунда демекчи, кокус, эртең жер көчүп кетсе жарандардын эсен-соо калышына кепилдик жок эмеспи. Бирок, кыштын чилдесин шылтоо кылып, киндик кан тамган турак-жайынан ажырагысы келбеген жарандар да бар. Алар эч кимдин тилин укпай, ал тургай мектепти да кайра ачууну талап кылышууда. Мисалы, айыл тургуну Арзыкул Якубов “Азаттыктын” кабарчысына “Мен башка жактан чек берип, көч десе дароо көчө албайм. Жок дегенде үч жыл убакыт кетет. Мамлекет каражат бербесе кантип көчөм? Биринчи жылы пайдубалын түптөп, кийинки жылы дубалын тургузуп, акырындап салбасам мүмкүнчүлүк жок. Азыр кышкысын «убактылуу башка жакка кеткиле» деп жатышат. Жолду көрдүңөр, кар. «Нива» менен ташысак 5-10 миң сом кетет. Аны кайдан табабыз? Мамлекет «көчкүлө» деп элди кыйнабай шарт түзүп бериши керек. «Сотко беребиз» деп коркутканынан пайда жок”,-деп кесе жооп кайтарган.  Бул тууралуу Жогорку Кеңеште ӨКМ министри Кубатбек Боронов да билдирип, “соттошсок да пайда чыкпай тургандай ахыбалга келип калдык, эртең, бир кырсык болсо биринчи биз жооп беребиз…” кейиген эле.

Балыкчы-Корумду жолуна дагы 2 млрд. сом керек…

Кезинде бир Өкмөттүн башын жеп, чоң чууга айланган Балыкчы-Корумду авто жолунун курулушуна дагы 2 млрд. сом керек. Бул тууралуу парламентте КРнын транспорт министри Жамшитбек Калилов билдирди.

Анын айтымында, эгер бул каражат бюджеттен бөлүнүп берилбесе, анда жолдун курулушу дагы 5 жылг созулуп калышы мүмкүн. “Бүгүнкү күндө, жалпысынан жумуштун 33 пайызы бүткөрүлгөн. Жолду куруп жаткан кытайлык “Лонг хай” компаниясына өкмөт 137 млн. сом карызбыз. Ушул карыздын айынан бүгүн жолдун курулуш токтоп турат. Иштин аягына чыгыш үүчүн аталган каражатты быйыл таппасак, Чолпон-Атада өтүүчү III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнунда меймандарга ыңгайсыздык жаратабыз. Анткени, аталган жолдун бүтпөгөн бөлүгү ушул саякатчылар көп келчү шаарды аралап өтөт”,-деди министр депутаттардан ылаажы издеп…

 

 

Количество просмотров: 24