• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкектеги «Мадина» базарында өрт чыкты

15 Аяк оона 20189:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 15.09.2018. Govori.TV

Бишкек шаарындагы, Чүй-Алма-Ата көчөлөрүнүн кесилишинде Мадина базарында контейнерден өрт чыккан. Бул тууралу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт болжол менен саат 22:50дө чыгып, бат эле жалындап кеткен. Окуя болгон жерге 6 өрт өчүрүүчү унаа, «Тез жардам» кызматы жана өрт өчүрүүгө тоскоолдук жараткан унааларды жылдырууга эвакуатор тартылган.

Учурда өрт өчүрүү иштери уланууда.

Количество просмотров: 55