• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ош базарында өрт чыкты (видео)

7 Бирдин айы 2020 9:10 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Ош базрынын аймагында жайгашкан дүкөндөн өрт чыкты. Бул тууралуу күбөлөр кабарлашып, социалдык тармакка видео таратышкан. Алардын айтымында өрт таңга маал чыккан.

Ал эми ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлагандай өрт учурда чектөөгө алынган.

«Киев менен Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинде Ош базардын аймагында жайгашкан дүкөндөн чыккан өрт саат 07:07де чектөөгө алынды. Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — деп билдиришти мекемеден.

Өрттү өчүрүүгө саат 05:50дө Биринчи Май райондук №4 АӨКБдан 2 бөлүм, саат 05:58де Ленин райондук №6 АӨКБдан 1 бөлүм, №8 ААӨКБдан 1 бөлүм, саат 06:03тө Октябрь райондук №5 АӨКБдан 1 бөлүм, саат 06:06да Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, саат 06:02де Штаб, жалпы 5 бөлүм тартылган.

Өрттүн келип чыгуу себептери такталып, иликтөөдөн соң кошумча маалымат берилет деп кошумчалады маалымат катчы.

Количество просмотров: 1248