• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

№309 токтом. Дыйкандар Садыр Жапаровго, Башкы прокуратурага, УКМКга кайрылуу жолдошту

11 Жалган куран 2022 12:12 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин “айыл чарба кооперативдерин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү жөнүндө” 309-токтому жер-жерлерде дыйкандардын нааразычылыгын жаратууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта өткөн маалымат жыйында Экспортчулар менен импортчулардын «Кыргызлэнд» ассоциациясынын төрайымы Ленара Ниязбекова билдирди.

«Фермерлер кайрадан сизге кайрылууга мажбур болуп жатабыз. Министрлер кабинетинин №309 токтому коомчулукта талкуу жаратып жаратты. Аталган токтомдун артында чоң социалдык маселе жаралганы турат. Ага Кыргызстандын аймагындагы дыйкандар жана фермерлер каршы чыгууда. Алар токтом колунда бар адамдардын гана кызыкчылыгын көздөйт деп эсептешет. Өкмөттүн №309 токтомуна өзгөчө кылдат мамиле кылып, карап чыгуу керек. Жагдайды адилеттүү, тең салмактуу карап берүүңүздү суранабыз. Анын мыйзамдуулугун кароо боюнча президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине, Башкы прокуратурага кайрылып жатабыз»,-деди Ниязбекова.

Жыйында фермер Эдик Султанмамытов №309 токтом мыйзамдарга каршы келе турганын белгилеп, токтомду жокко чыгарууну талап кылды.

«Бул токтом өзүнүн үстүндө турган мыйзамдар иерархиясына каршы турат. Токтомду туура чечпесе, чоң маселе жаралганы турат», — деди ал.

Эске салсак, Министрлер кабинети 2021-жылдын 17-декабрында «Айыл чарба кооперативдерин, үрөндүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү жөнүндө» №309 токтомун кабыл алган. Фермерлер Министрлер кабинетине № 309 токтомду кайра карап чыгуу боюнча буга чейин дагы кайрылуу жасашкан. Ал документ мамлекеттик фондудагы 270 миң гектар айыл чарба жерлерин айыл чарба кооперативдерине, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларына мөөнөтсүз берүүнү карайт.

Количество просмотров: 1109