• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевдин кайрымдуулук фонду түзүлдү, ал бүгүн 31 жашка чыкмак

12 Бирдин айы 2021 13:15 Бишкек Govori.TV

Бишкекте «Азаттыктын» маркум иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин кайрымдуулук фондунун ачылышы өттү. Эгизбаев көзү тирүү болгондо бүгүн, 12-февраль күнү 31 жашка толмок. Иш-чарага маданият өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, журналисттер, жаштар жана Эгизбаевдин жакындары катышты.

Аталган фонддун негиздөөчүсү, маркум Эгизбаевдин жакын досу Каниет Жыргалбеков түзүлгөн фонддун максаты менен миссиясын айтып берди.

«Жыл сайын мектеп босогосун аттабай калып жаткан жүздөгөн балдардын билим алуусуна түрткү болуу. Анткени материалдык жактан муктаж үй-бүлөлөрдүн балдары билим албай, кара жумуш менен алек болуп, жыйынтыгында каржылык абалы да жакшырбай, билимсиз жаштар көбөйүүдө. Фонддун уюштуруусу менен региондордогу жаштарга шык-дем берүүчү, мотивациялык тренингдерди өткөрүү негизи максаттардын бири. Элет жаштары заман агымынан артта калбай, заманбап ыкмаларды үйрөнүшү керек. Үлгүлүү лидерлер менен аймактардагы жаштарды жолуктуруп, ийгиликтүү жарандардын сапаттарын келечек муунга сиңирүү максатын көздөйбүз»,-деди Жыргалбеков.

Депутат Момбеков Улан Эгизбаев улуу ишти баштап кеткенин айтып өттү.

«Ал иликтеген көп иштер көмүскөдөн чыгып жатат. Уланды кыргыздын Кычаны деп айтсак аша чаппайт. Анын иликтеген иштери уланышы керек. Уландай жигиттерге бүгүнкү күндө улут муктаж болуп турат. Кайрымдуулук фондуна биз дагы кошумчабызды кошобуз»,-деди Момбеков.

Эгизбаевдин апасы Жыпаркүл Сариева 3 жылдан бери уулуна арналган көп иш-чараларга катышканын, анын эмгеги элдин эсинде сакталып калганын билдирди.

«Уландын бизди таштап кеткенине быйыл 3 жылга карап баратат. Андан бери ырчылар ыр арнап, сүрөтчүлөр сүрөтүн тартып колунан келген жакшылыгын жасап жатканы анын элине таштап кеткен эмгегинин үзүрү деп ойлойбуз. Удан деген ар бир кыргыз баласы биздин балабыз»,-деди ал.

Ал эми жубайы Сапаргүл Абдинабиева маркум жолдошунун мыкты журналист гана эмес кайрымдуу, адамгерчилиги бийик инсан болгонуна токтолду.

«Бүгүн Уландын канчалык жүрөгү кенен, кайрымдуу, күйүмдүү адам экенин баса белгилегим келет. Ага аябай мисалдар көп. Улан каармандарды атайы издечү эмес, ар бир адамдын көзүнө карап сүйлөшүп жатып эле таап алчу. Нургазыны дагы үйгө чейин алып келип, жуунтуп бир тууганындай мамиле жасады. Уланды чыгармачылык жактан улаган жаштар көп»,-деди жубайы Сапаргүл.

Кошумчалай кетсек, Уланбек Эгизбаев журналисттик иликтөөлөрүндө кыргыз аткаминерлеринин коррупциялык схемаларынын, хан сарайлардын курулушу үчүн муниципиалдык жердин мыйзамсыз сатылышынын жана көрүстөндөгү коррупциянын бетин ачкан. Анын материалдары коомдук резонанс жаратып турган: анын көрүстөндөгү коррупция тууралуу акыркы иликтөөсү парламент трибунасына чейин жеткен. Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө каза тапкан. ИИМ маркум сууга чөгүп каза болгонун билдирген.

Количество просмотров: 127