Кыргызстанда 26-февралга карата коронавирус 31 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Жаңы учурлар:
Акыркы суткада 122 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 192 бейтап, амбулатордук түрдө 818 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 458 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 194 миң 918 киши айыгып чыкса, 2 миң 954 адам каза болду.