• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Боомдо баткак кечип жол кыймылын көзөмөлдөгөн кызматкер сыйланды

9 Баш оона 202214:36 Бишкек Govori.TV

Боом капчыгайында сел жүрүп, жол жабылган учурда баткакта унаа кыймылын көзөмөлдөгөн кызматкер сыйланды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-август күнү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 135-136 чакырымында Боом капчыгайында сел жүрүп кеткен.

«Натыйжада жол эки тарапка тең тосулган. Окуяга күбө болгондор тизесине чейин ылайга баткан Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкеринин видеосун бөлүшкөн.

Бүгүн, 9-август күнү Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын жетекчилиги тарабынан милициянын прапорщиги Бейшенбаев Жалилдин Үметбековичке ыраазычылык билдирип, куттуктоо сөздөр айтылып, кол саат тапшырылды», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 1806