• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Түгөлбай Сыдыкбеков: «Эне тилин билүү, башкы маданият»

21 Аяк оона 2018 11:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 21.09.2018. Govori.TV

23-сентябрь мамлекеттик тил күнү. Бул майрам жакындап келгенине байланыштуу Билим берүү мекемелеринде мамлекеттик тилдин макамын көтөрүү, майрамдоо максатында түрдүү иш-чаралар уюштурулуп жатат.

КТРКнын кыматкери  Мирхамид Токтогул өзүнүн Facebook баракчасына КРнын эл жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун, 1980-жылы тил жөнүндө айткан учурундагы тасмасын  жарыялады. Бул видео бардык колдонуучулар үчүн жагымдуу жаңылык болуп, көпчүлүгү бөлүшүшкөн.  Видеодо эл жазуучусу төмөнкүчө сүйлөгөн. Жазуучунун сөзүн өзгөртүүсүз беребиз!

“Тилдин ээси жаңы төрөлгөн чүрпөдөн тартып, азыр бу дүйнө менен кош айтышып бара жаткан карыяга чейин.. Ар бир адам тилдин ээси. Тил  — бул,  маданият  — башаты, маданият — булагы. Ошондуктан, тилди өрчүтүү,  тилди асыроо, тилди багуу  бул — ар бир  адамдын мойнундагы асыл милдет!  Эне тилин билүү башкы маданият, ар бир адам өзүнүн эне тилин билүүгө милдеттүү, ал мойнунда турган парз. Өз эне тилин  эң сонун билип, ал эми калган тилдерди колунан келишинче жакшы билүү керек” – деген жазуучу.

https://www.facebook.com/mtoktogul/videos/1936626276393963/

Эске салсак, 1989-жылы 23-сентябрда “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамы кабыл алынып, кыргыз тилине мамлекеттик тил деген макам берилген.   Быйыл  кыргыз тилинин мамлекеттик тил статусун алганына 29 жыл болот.

 

Количество просмотров: 832