• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

32 жаштагы Сакиев «Кыргыз темир жолуна» директор болду

28 Кулжа 2021 17:29 Бишкек Govori.TV

Транспорт менен коммуникация министрлигинин алдындагы «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп Алмаз Сакиев дайындалды. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

«Сакиевди аталган кызматка Инвестициялар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду сунуштаган», — деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, Азамат Сакиев 32 жашта, жогорку окуу жайды Малайзиядан бүтүрүп, менеджмент адистигине ээ болгон. «Кыргыз темир жолу» ишканасында эмгек жолун 2019-жылы баштаган. Соңку убакта материалдык-техникалык камсыздоо боюнча филиалынын мамлекетик сатып алуулар бөлүмүн жетектеп турган.

Количество просмотров: 2146