• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

УКМК: «Кыргыз темир жолу» ишканасынан акча чыгарууга байланышкан коррупциялык схема аныкталды

20 Бугу 2021 12:32 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» Мамлекеттик ишканасынын акча каражаттарды алуу боюнча коррупциялык схемасы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлайт.

Такталган боюнча, «Кыргыз темир жолу» УК» Мамлекеттик ишканасынын жоопттуу кызмат адамдары тарабынан 2020-жылдын май айынан 2021-жылдын апрель айына чейин товарларды жана материалдарды жеткирүү жана кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөөнүн шылтоосу менен «Генезис Плюс» ЖЧКнын жана «АтомГрупп» ЖЧКнын дарегине 500 млн. сомдон ашык акча каражаттары которулган.

Мындан тышкары, «Кыргыз темир жолу» УК» Мамлекеттик ишканасы тарабынан товардык-материалдык баалуулуктарды жеткирүү үчүн көрсөтүлгөн компаниялар менен келишимдер көрсөтүлгөн мезгилинде түзүлгөн эместиги аныкталды.

Азыркы учурда «Кыргыз Темир Жолу» УК» Мамлекеттик ишканасынын бюджеттик кызыкчылыктарына келтирилген зыянды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.

«Муну менен катар, 2021-жылдын 18-майында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, «Кыргыз Темир Жолу” УК» Мамлекеттик ишканасынын каржы бөлүмүнүн башчысы К.Б.Т., «А.Г.» ЖЧКнын жетекчиси А.А.И. жана «Г.П.» ЖЧКнын жетекчиси М.Г.Р., «Кыргыз Темир Жолу” УК» Мамлекеттик ишканасынын башкы директору Д.В.А жана уулу Д.Д.В., (ал дагы ушул коррупциялык схеманын катышуучусу) кармалып Кыргыз Республикасынын УКМК тергөө камак жайынны убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ошол эле учурда, Д.Д.В. карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү жана Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тергөө иштеринин өтүнүчү боюнча үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы каралып, 2021-жылдын 18-июнуна чейин тагыраагы бир ай убактыда келтирилген зыяндын ордун толтуруу каралды», — деп айтылат маалыматта.

Тергөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 149