• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

“Кыргыз темир жолу” иштен чыккан вагонду жаңылады

17 Кулжа 2022 18:36 Бишкек Govori.TV

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы иштен чыккан вагонду жаңылап, тартуулады.

Ишканын басма сөз кызматы билдиргендей, 30 жылдан бери “Кыргыз темир жолу” жаңы жүргүнчү вагондорун алган эмес. Транспорттун башка түрлөрү менен атаандашуу жана жаңы жүргүнчүлөрдү тартуу максатында жүргүнчү ташыган вагон модернизацияланган. Ошондой эле калк арасында темир жол менен жүргүнчүлөрдү ташууну жайылтуу жана туризмди өнүктүрүү үчүн эсептен чыгарылууга жаткан №070 30005 вагону жаңыланган.

Модернизациялоо башталганга чейин вагондун конструкцияларын андан ары пайдалануу боюнча толук изилдөө жүргүзүлгөн. Вагондун дизайнын өзгөртпөстөн, коопсуздукту камсыз кылуу үчүн техникалык документтердин талаптарына ылайык вагондун дизайнын бузбастан, кузовду күчөтүү жүргүзүлгөн.

Мындан сырткары, вагондун бекемдигине жана коопсуздугуна сыноо жүргүзүлдү.

“Модернизациялоодо вагондун конструкциялык бөлүгү өзгөргөн жок. Жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн терезе тешиктери чоңойтулуп, панорамалык терезелер орнотулду. Сапар учурунда бул Кыргызстандын жаратылышына көлөмдүү жана түркүн түстүү көрүнүш берет. Сапардын ыңгайлуулугу үчүн кыш-жай абаны кондиционерлөө системалары орнотулган. Жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн вагондо муздаткыч жана муздак ичүүчү суу орнотулган. Жолдо жүрүүдө жүргүнчү жаңы толук экрандуу сыналгылардын стереосунун сапатын баалай алат”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетүүчү нерсе, вагонду модернизациялоо ишкананын күчү менен, тышкы инвестицияларды тартпастан жүргүзүлдү.

Количество просмотров: 179