• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

35 миң долларга алдап кеткен. Бишкекте каржы пирамидасын түзүүчүлөр кармалды

9 Теке 2021 18:00 Бишкек Govori.TV

Бишкекте каржылык пирамида ыкмасын колдонуп адамдарды 35 миң долларга алдап кетти делген үч киши кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

6-июлда борбор калаанын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анын айтымында, ал «Antares Trade» каржы пирамидасынын курмандыгы болгон. Июнь айында ал кирешесин көбөйтүү үчүн үч эркек кишиге 35 миң доллар берген. Бирок арыз ээсинин айтымында, алар берген убадасын аткарбай, изин жашырып кеткен.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) менен катталды.

«Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1976-жылы туулган М.Д., 1982-жылы туулган Т.С. жана 1964-жылы туулган Х.Ч. кармалды. Алар убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылып, кийинчерээк сот эки айга камады. Мындан тышкары милицияга шектүүлөргө байланыштуу дагы ушундай 10 арыз түшкөн. Келтирилген чыгымдын көлөмү аныкталууда»,-деп айтылат маалыматта.

Милиция кармалгандардын башка кылмыштарга катышын аныктоону улантууда. Ушуга байланыштуу укук коргоо органдары шектүүлөрдүн аракетинен жапа чеккен же кандайдыр бир маалыматка ээ болгон адамдардан төмөнкү телефон номурлар менен кабарлап коюуну өтүнөт: 0 (312) 352-947, 0 (312) 654-494, 0 (708) 834-925, 0 (703) 105-083 жана 102 кызматы.

Количество просмотров: 2307