Милиция изи сууй электе адам өлтүрүүгө аракет жасоо фактысынын бетин ачты. Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 7-сентябрга караган түнү саат 01:40 чамасында Жалал-Абад шаарындагы эс алуу клубдарынын биринин алдында 35 жаштагы жаранды өзүнө бейтааныш 18-20 жаштардагы бала денесине учтуу нерсе менен бир нече жолу сайып, денесине жараат келтирген. Ал алган жараатынан улам Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Бул окуя Жалал-Абад ШИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренесинин негизинде катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишинин бети изи сууй электе ачылган. Окуяга шектүү катары Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын тургуну 2004-ж.т. Б.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.