Кыргызгидромет 12-майдан 18-майга чейин өлкө ичинде аба ырайы кандай болору тууралуу божомолду таратты. Апта аягына чейин жаан-чачын күтүлбөйт, ал эми 18-майда жамгыр жаашы ыктымал.
Бишкек шаарында апта ичи ысык болору божомолдонду. Абанын темпетурасы түнкүсүн 12…14 градустун тегерегин көрсөтсө, күндүз 29…31 градуска чейин жетет.
15-майдан тарта 17-майга чейин күн кайнап, абанын температурасы 35…37 градуска чейин көтөрүлүшү ыктымал.