• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

38 жаштагы Мирбек Кожоев Ысык-Көлдүн губернатору болуп дайындалды

11 Бугу 202112:33 Бишкек Govori.TV

Кожоев Мирбек Кокулбаевич өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалат. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кожоев бүгүн жаңы башчы катары өкүлчүлүктүн коллективине тааныштырылат.

Кошумчалай кетсек, Кожоев Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн башчысынын орун басары – мониторинг секторунун башчысы болуп эмгектенген.

Количество просмотров: 1508