• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Анжелика кыйган бак боюнча облус башчы териштирүүнү баштады

24 Үчтүн айы 2022 10:56 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 24-январда Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев Түп районундагы дарактын кыйылышынын мыйзамдуулугун териштирүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы кабарлады.

Облус башчы бул меселени териштирүү үчүн комиссия түзүүнү тапшырды.

«Айлана-чөйрөнү коргоо полициясы жана башка тиешелүү кызматтар менен биргеликте комиссия түзүп, жерине баргыла, эгерде бак кыюунун мыйзамсыздыгы аныкталса, анда (жазуу же оозеки уруксат берген) жооптуу адамдар мыйзам чегинде жазага тартылсын, жада калса ээлеген кызматынан бошотууга чейин», — деди Мирбек Кожоев.

Эске салсак, жакында эле ырчы Анжелика кабылган кырсыкта сүзүлгөн даракты кыйганын жарыялаган. Бул окуя социалдык тармактарда коомчулуктун катуу реакциясын жараткан. Ал эми ырчы бакты кыюуга уруксат алганын жана бир катар кырсыктардын себеби болгон бакты алып салуу туура чечим болгонун айткан.

Количество просмотров: 9493