7-октябрда Баткен облусунун аймагына Өзбекстандан мыйзамсыз алынып келе жаткан 39 990 даана тоок жумурткасы аныкталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Аймактагы ветеринардык инспекторлор тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн учурда тоок жумурткасынын эч кандай ветеринардык коштоочу документтери жок экендиги, Кыргызстандын жана ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптарын бузгандыгы аныкталды.
Тоок жумурткасын мыйзамсыз ташыгандарга карата ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлөт.