• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

400дөн ашуун адамдын өмүрүн алган Июнь окуясына 11 жыл толду (сүрөт)

10 Кулжа 2021 11:09 Бишкек Govori.TV

400дөн ашуун адамдын өмүрүн алган Июнь окуясына бүгүн, 10-июнда 11 жыл толду.

Июнь окуясы Ошто 2010-жылы 10-июндун кечинде тутанган. Расмий маалыматтар боюнча бул кандуу окуялардан төрт жүздөн ашуун адам каза таап, эки миңдей киши жаракат алган, миңдеген турак-жайлар талкаланып, өрттөлгөн.

Бул окуядан соң Убактылуу өкмөт чукул декрет кабыл алып, Ош шаарында, Өзгөн, Кара-Суу жана Араван райондорунда өзгөчө абал жарыялаган жана түнкү саат 2ден таңкы алтыга чейин коменданттык саат киргизген. Ошко аскер жана аскер техникасы киргизилген.

Башаламандыктардын тушунда укук коргоо кызматына дайынсыз жоголгондорду издөө туурасындагы 120 арыз түшкөн.

Кагылышуу убагында аталган аймактарда 1094 менчик турак-жай, 12 мамлекеттик ишкана, 4 окуу жайы, 226 коммерциялык мүнөздөгү мекемелер өрттөлүп жок кылынган. Мындан тышкары өрт өчүрүүчүлөрдүн буту баспаган, ошондой эле белгисиз адамдар тобу тарабынан талкаланып, таланып-тонолгон объектилердин саны мындан дагы көп болгон.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы 5 чек ара бекетинен ушул 70 миңден ашуун качкын мекенине кайтып келген.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы 5 чек ара бекетинен ушул 70 миңден ашуун качкын мекенине кайтып келген.

Түштүктөгү кандуу окуяларга байланыштуу аза күтүү үч күнгө, 16-июндан 18-июнга дейре созулган.

Ош жана Жалал-Абад июнь коогалаңына байланыштуу 6 миңге чукул кылмыш иши ачылып, 600гө жакын адам кылмыш жоопкерчилигине тартылып,400 дөн ашуун адам эркинен ажыратылганы белгилүү. Ондогон адамга издөө жарыяланган, айыпкерлердин көбү качып жүргөндүктөн кылмыш иши токтоп турат. 94 адам мамлекет аралык издөөдө 13ү эл аралык издөөдө.

Ош жана Жалал-Абад июнь коогалаңына байланыштуу 6 миңге чукул кылмыш иши ачылып, 600гө жакын адам кылмыш жоопкерчилигине тартылып, 400 дөн ашуун адам эркинен ажыратылганы белгилүү. Ондогон адамга издөө жарыяланган, айыпкерлердин көбү качып жүргөндүктөн кылмыш иши токтоп турат. 94 адам мамлекет аралык издөөдө 13ү эл аралык издөөдө.

Количество просмотров: 153