• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Июнь окуясы боюнча сот кайра жылды

19 Үчтүн айы 2023 14:37 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-январда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Июнь окуясы боюнча иш каралып, кийинки отурум 26-январь саат 14:30га белгиленди.

Июнь окуясы боюнча кылмыш ишинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, ошол кездеги коргоо министри Исмаил Исаков, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Бактыбек Алымбековго “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып коюлган.

Процесске айыпталуучулардын бири, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын жактоочулары да катышкан жок. Буга байланыштуу жараян кийинкиге жылды.

8-декабрда өткөн отурумда коомдук ишмер Эмил Каптагаев күбө катары көрсөтмө берген. Башка айыпталуучулар Атамбаевдин сотко алып келинишин талап кылышкан болчу. Ошондой эле Президент Садыр Жапаров, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев, депутат Талант Мамытов жана саясатчы Ахматбек Келдибеков июнь окуясы боюнча соттук отурумга күбө катары чакырылган. Бул айыпталып жаткан УКМКнын мурунку жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевдин арызы боюнча жасалган.

1-декабрда Алмазбек Атамбаев отурум башталганда сотту «цирк» деп атап, ишти өзүнүн катышуусуз кароону өтүнгөн. Ал темир торду тепкилегенден кийин залдан алып кетишкен.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) былтыр жазында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын жарыялаган. Анда кылмыш иши Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы башчысы, кооганын чыгышына күнөөлүүлөрдүн бири деп аталган маркум Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу экенин кабарлаган.

Кылмыш ишине байланыштуу быйыл 20дай саясатчы сурак берген.

Мындан 12 жыл мурун жайында, апрель окуясынан көп өтпөй Кыргызстандын түштүгүндө улуттар аралык жаңжал чыгып, анын кесепетинен 400дөн ашуун адам каза болгон.

Количество просмотров: 92