• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Июнь окуясы: Азимбек Бекназаров күбө катары сурак берди

16 Жалган куран 2023 15:32 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 16-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча соттук отурум уланды. Отурумга судья Чыңгыз Бердимуратов төрагалык кылууда.

Июнь окуясы боюнча иште айыпталуучулар Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрү Алмазбек Атамбаев, Исмаил Исаков, Бектур Асанов, Кеңешбек Дүйшөбаев жана Бактыбек Алымбеков. Асанов менен Дүйшөбаев бүгүнкү күндө башка иш боюнча камакта. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү ошол окуяларда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда. Тергөөнүн өзү 2021-жылы кайрадан улантылган.

Жактоочулар айыпталуучу Алмазбек Атамбаев чет өлкөдөн дарыланып келгиче кылмыш ишти өндүрүштөн токтотуу өтүнүчүн киргизишти. Судья Бердимуратов өтүнүчтү канааттандырган жок.

Жараянга Бекназаров күбө катары алынып келинди.

Башкы көзөмөлдөөчү орган 26-апрелде 2010-жылдагы июнь коогасына байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергөө уланып жатканын билдирген. Ага ылайык, кылмыш иши Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы президенти, экс-депутат, маркум Кадыржан Батыровдун Кыргызстандан чыгып кетишинен улам «кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси менен козголгон.

Кылмыш ишине байланыштуу быйыл 20дай саясатчы сурак берген.

Мындан 13 жыл мурун жайында, апрель окуясынан көп өтпөй Кыргызстандын түштүгүндө улуттар аралык жаңжал чыгып, анын кесепетинен 400дөн ашуун адам каза болгон.

Количество просмотров: 894