• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

42 миң доллар алдап кеткен адам кармалды

23 Аяк оона 202413:52 Бишкек Govori.TV


Бишкекте алдамчылыкка шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Жабырлануучунун айтымында, ал таанышынын убадаларына ишенип, ага ири суммадагы акча берген. Адегенде июнь айында арыз ээси 12 миң доллар берсе, бир айдан кийин 30 миң доллар берген. Бул акча соода жүгүртүүгө жумшалат деп ишендирген. Бирок акча алган адам жеке ишкерди алдап кеткен.

Бул фактынын алкагында 209-берененин негизинде алдамчылык боюнча кылмыш иши козголду.
Милиция кызматкерлери 25 жаштагы Б.С. аттуу кылмышка шектүүнү кармашты.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Количество просмотров: 125