• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

43 жаштагы жаранга бычак сайган шектүү кармалды

28 Аяк оона 2022 12:13 Бишкек Govori.TV

Чүйдүн Москва районунда денге оор залал келтирүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-сентябрь күнү Москва РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө, райондук ооруканага бычактан жаракат алган жаран жаткырылгандыгы боюнча маалымат келип түшкөн. Маалыматтын негизинде ыкчам тергөө тобу дароо барып, жаракат алган жарандын өздүгүн тактап 1979-жылы туулган Я.А. аттуу жаран экени аныктаган.

Аталган факт Москва РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (ден соолука оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

«Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, бул кылмышка шектүү 1992-жылы туулган К.С. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштеринин жүрүшүндө бул адамдар чоогу спирт ичимдигин ичип отурушуп, ортодогу чырдан улам бул окуя келип чыкканы аныкталган»,-деп айтылат маалыматта.

Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, күбөөлөр суралып, окуянын жагдайын толук кандуу аныктоого багытталган тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 113