Жактоочу Замир Жоошев бүгүн таң эрте үйлөрүндө тинтүү жүрүп, өзүлөрү ИИМге суракка жеткирилген “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун мурдагы жана азыркы кызматкерлери 48 саатка кармалганын билдирди.
Жактоочунун маалыматы боюнча 48 саатка камалган журналисттер:
Жоошев кошумчалагандай, кармалгандардын бардыгына КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү («Мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка, ошондой эле жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») менен айып тагылган.