Быйылкы жылы 7 айдын ичинде Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Ветеринардык кызматы тамак-аш коопсуздугу боюнча 1290 субъектти текшерген. Бул тууралуу министрлик маалымдады.
Бүгүнкү күндө 780 жай текшерилип, ветеринардык-санитардык талаптар жана көрсөтмөлөр аткарылбагандыктан, жалпы 485 500 сом өлчөмүндө айып пул салынган.
Учурда Экономика жана коммерция министрлигинин ишкердик субъекттеринин ишин текшерүү боюнча (Proverka.kg) расмий электрондук порталы аркылуу төртүнчү кварталга райондук жана шаардык ветеринардык башкармалыктар тарабынан дагы 1484 жайды текшерүү макулдашылууда.