• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Журналистер союзунун төрагасы: «КТРКнын башчысын шайлоого жогору жак киришпеши керек!»

22 Бирдин айы 2019 13:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.02.2019.Govori.TV.

«КТРКнын башчысын шайлоого жогору жак киришпеши керек! Мурдагы бийликтин учурунда коомдук каналдын шайлоосуна жогору жактан ачык да, жабык да кийлигишүү болуп, алар тандаган талапкер кана өтүп келди. Бул каналдын коомдук болбой, бийликтин камчысын чабуусуна түрткү болду»,- бул тууралуу Журналистер союзунун төрагасы Абдыкадыр Султанбаев айтты.

Ал буга чейинки эки ынкылаптын негизги талабы-КТРКны коомдук канал кылуу болгонун, бирок, бул толук ишке ашпай келе жатканын, атайын мыйзам иштеп жатса да кимдир бирөөлөр муну каалабай жатканын айтты.

«Коомдук канал тууралуу мыйзам, негизги каналдын бийликтин таасиринен чыгуусуна жол ачат. Ал эми бюджеттен каржыланып жатса, бийликтин сөзүн сүйлөбөгөнгө болбойт» деген жөн эле шылтоо. Азыркы талапкерлердин арасында татыктуу бир экоө бар. Болгону, аларды өткөрүшөбү, кеп ошондо. Байкоочу кеңеш тарыхий миссиясын, эркин көргөзүшү керек», -дейт ал.

Количество просмотров: 37