• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

КТРКнын макамын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды

2 Жалган куран 2022 16:29 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш Коомдук телерадиоберүү корпорациясын “улуттук” кылып өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорунун концепциясын 2-марттагы биринчи окууда жактырды. Экинчи окууга толуктоолор менен алып келүү сунушталды.

Өкмөт сунуштап жаткан долбоорго ылайык, буга чейин КТРКнын 15 адамдан турган Байкоочу кеңеши каналдын директорун добуш берүү жолу менен төрт жылга шайлап келген болсо, эми башкы директорду дайындоо жана иштен алуу укугу президентте болот. Байкоочу кеңеш жоюлат.

КТРКга коомдук деген макам 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин берилген. КТРКнын директору Кайрат Иманалиевдин айтымында, “Улуттук” болуп өзгөртүлсө, бюджети 12 миллион сомго көбөйөт. Бул каражат маянага жумшалат.

Теги:
Количество просмотров: 157